7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта өспүрүм менен жыныстык катнашка барган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды

1088

Сокулук райондук соту 23 жаштагы жаранды Кылмыш-жаза кодексинин «он алты жашка чыга элек өспүрүмгө сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун прокуратурасынын жазык, жарандык сот өндүрүшү жана сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Өзбекстандан Ошко келип, ошол жерде жашап жүргөн. Ал ошол учурда 15 жашка чыккан кыз менен жыныстык катнашка барган. Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүм шектүү менен апасы интернет аркылуу тааныштырганын айткан. Анын айтымында, кыз өз каалоосу менен катнашта болгон. «Бир канча убакыт өткөн соң, кыз, анын апасы жана шектүү Бишкекке көчүп келип, бир үйдө жашашкан. Кыздын апасы Өзбекстанга кайтарын, кызын кошо алып кетерин айтканда, өспүрүм шектүү менен Сокулук районуна качып кетишкен. Шектүү биринчи кыздын апасы менен таанышканын айткан. Ал сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, турмушка чыга элек, 17 жаштагы кыз бар экенин айткан. Кыздын 16 жашта экенин шектүү кыздын оозунан уккан. Кызды апасы менен чогуу атасы кубалап ийгенде алар шектүүнүн үйүнө барышкан. Үчөө тең Бишкекте иштеп жүрүшкөн. Апасы менен Өзбекстанга кетүүнү каалабаган кыз шектүү менен катнашта болуп, экөө Сокулукка качып кетишкен. Өспүрүм кыздын апасы аларга кыздын атасы батасын берем жатканын айтып, чакырган. Шектүү Өзгөн районунда кармалып, Сокулукка алып келинген»,- деген ал. 

Шектүүгө сот өкүм чыгарып, 8 жылга эркинен ажыраткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1089