7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта төлөм терминалдарын уурдоого шектелип эки жигит кармалды

728

Сокулук районунда төлөм терминалдарын уурдоого шектүүлөр кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, февраль айында Сокулук РИИБине эки жаран арыз менен кайрылган. Анда азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин айткан. Биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар терминал, экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалган.

Бул факты боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине «уурдоо» беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталган.

Аталган кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729