7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта жер тилкесин сатам деп ишенимге кирип 4 миң доллар алдап кеткен аял кармалды

754

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-апрелинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1963-жылы туулган Н.Б аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал өз арызында 2013-жылдын август айларында, бейтааныш аял жер тилкесин сатам деп алдоо жолу менен ишенимине кирип, 4000 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен акчасын да, жерин да кайтарып бербей жатканын көрсөткөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Н.А., кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, дагы ушул сыяктуу 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иши уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755