7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктагы саунада иштеген 7 кыз аныкталды

636

Сокулук районунун аймагындагы сауналарда иштеген 7 кыз аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-августта Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы сауналар текшерүүгө алынды.

Иш-чара учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткизилген.

Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда сауна ээсинин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637