7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сосновка» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

529

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилгенин билдирди.

«Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырым аралыгына (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө»,- деп берилет маалыматта.

Жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү эскертет.

530