7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сосновка» постунда 306 адамга тамак-аш берилген. Учурда кар көчкү түшкөн аймак тазаланды

548

17-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында кар көчкү унаа жолду жаап калган.

«Аталган кар көчкү 18-февралда саат 19:50дө толук тазаланды. Мындан улам Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постунда саат 20:00дөн тартып жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга «Сосновка» постунда саат 6:00, “Арал” постунда саат 8:00 баштап толук алынды»,- деп берилет ӨКМден.

Кар көчкүгө байланыштуу «Арал» постунда 350 жеңил унаа жана 100 оор жүк ташуучу унаа, «Сосновка» постунда 94 оор жүк ташуучу унаа жана 82 жеңил унаа кезек күттү. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган жылынуучу жайларда «Арал» постунда 350, ал эми «Сосновка» постунда 306 адамга тамак-аш берилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549