7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Социалдык фонд өзүнө тиешелүү банкын түзүүнү пландоодо

851

Социалдык фонд өзүнө тиешелүү банкын түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу брифингде анын төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, Соцфонд азыркы учурда банктарга депозит менен акча каражаттарын берип жатат.

«Ошондой эле каржы мекемеси насыяларды берет. Ал эми бизге үстөк пайыздарды жылдын аягында төлөп беришет. Биз эң кеңири тармагы бар өзүбүздүн социалдык банкыбызды түзгүбүз келет. Андан кийин биз өзүбүз насыя бере алмакпыз. Бул керектөөчүлөр үчүн да пайдалуу болот, анткени салыштырмалуу насыя пайызы төмөн болот”, — деди ал.

Бактияр Алиев учурда бул маселе иштелип жатканын кошумчалады.

«Бир нече жумадан кийин мен аны Министрлер кабинетинде жактайм. Ал жерде да алар иштеп чыгышат, тобокелдиктерди, аны түзүүнүн максатка ылайыктуулугун эсептешет. Андан кийин кошумча маалымат беребиз», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

852