7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүмдүн телефонун коркутуу жолу менен тартып алган 2 жигит кармалды

511

Бишкекте өспүрүмдүн телефонун коркутуу жолу менен тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милицияга арыз менен К.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ошол күнү Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар баласынын 13 000 сомдук «Redmi note 8» маркасындагы уюлдук телефонун ачык эле тартып алып, андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында 8-октябрь күнү кылмышка шектүү Б.К. 2002-жылы туулган Ю.Н. 2003-жылы туулган шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын бир айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512