7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спортчу Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиадага бармай болду

1025

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Белгилүү болгондой, 9-11-апрелде Алматы шаарында Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталган.

Медет кызы бүгүн, 10-апрелде 76 кг салмакта күрөшкөн. Бул салмакта жалпысынан 5 спортчу жарыяланып, алар бир айлананын ичинде өз ара мушташкан.

Кыргызстандык балбан Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголиянын спортчуларын жеңип, төрт күрөштө тең эрте жеңиштерге жетишти. Бул салмак категориясында дагы 3 беттеш калган, бирок алардын жыйынтыгына карабастан Медет кызы 1-орунду ээлеп, Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн онунчу болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (күрөш), Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү) Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1026