7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сутка ичинде өлкө аймагында 73 мас айдоочу кармалды

533

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында дем алыш күндөрүнүн соңунда өлкө аймагында “Бахус” аталышында рейдтик иш-чарасын өткөрүп, сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкташты.

Алардын ичинен:

-мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,
-карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;
-ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;
-терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;
-тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Мындай рейдтик иш-чара жол кырсыктарынын алдын алуу максатында бүгүн да уланат. Андыктан баардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.

 

534