7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

636

Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын  14-январынан тартып Беловодск жана Ак-Суу айылдарынын аймагындагы каналдардын суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр уурдап жатышкандыгы тууралуу 8 факты боюнча Москва РИИБнө арыздар келип түшөн. Ал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерери тарабынан “Уурулук” аталашындагы рейд иш-чарасы учурунда жогорудагы кылмышка шектелишип, 1999-жылы туулган К.С., С.А. жана 2001-жылы туулган К.Д. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637