7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суучул Владислав Шулико фиништен кечигүүдө. Чогулган  эл тынчсызданууда

1508

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико бүгүн, 27-августта саат 13:00дө рекорддук сууда сүзүүнү жыйынтыктамак, бирок ал кечигүүдө. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы жеринен маалымдоодо.

Анын айтымында, финиш Балыкчыдагы «Алия» пляжында саат 13:00гө белгиленген.

Буга чейин суучул өзүнүн Instagram баракчасына: “Баарыңыздарды Алия пляжынын пристанында күтөм. Баарыңарга чоң рахмат! Сиздер болбосоңуздар мен эч нерсе кыла албайт болчумун жана силердин колдооңор мага секунд сайын күч берет. Силер болбосоңор сууда сүзүүнүн биринчи күнүндө эле баш тартмакмын, баарыңыздарга чоң рахмат! Мен сиздердин колдооңузарды жана мага болгон ишенимиңиздерди бүткүл дүйнөдөн көрүп, сезип жатам! Мекениме, ар дайым мени колдоп турган менин командама рахмат! Мен эртең кыялымды аягына чыгарам жана мүмкүн эмес деп ойлогон нерсемди жасайм. Бул башталышы гана, мекенибизди бүт дүйнөгө даңазалагым келет! Баарыңыздарга колдоо сөздөрүңүз үчүн рахмат!”, — деп жазган.

Эске сала кетсек, суучул Владислав Шулико мындан беш  күн мурун, тагыраагы 22-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүү рекорддук аракетин баштаган. Аны Кыргызстандын булуң-бурчунан келген күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1509