7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 19 жаштагы келинди ур-токмокко алуу боюнча иш жабылды

630

Жалал-Абад ОИИБ Сузак районундагы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маалымат берди. Маалыматка караганда,  21-октябрь күнү Сузак РИИБге Сузак районунун тургуну 2002-жылы туулган келин арыз менен кайрылган.

Ал өзүнүн арызында, “2021-жылдын 21-октябрына караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында 1991-жылы туулган жолдошу менен жашаган үйүндө, жолдошунун 2000-жылы туулган биринчи аялы барып, эч бир себепсиз жаӊжал чыгарып, 1960-жылы туулган кайненеси болуп уруп денеме залал келтирди. Ошол себептен аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздөрдү суранам”- деп билдирген. Келин денесинен алган жараатынан улам, Жалал-Абад облустук ооруканасына амбулатордук түрдө кайрылып, биринчи жардам алган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 2021-жылдын 21-октябрь күнү Сузак РИИБге катталып, Жазык кодексинин 66-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Келиндин денесинен алган жаракатынын мүнөзүн аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө келин өтүнүч арыз менен кайрылып анда, «соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул эмесмин кошумча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындап берүүӊүздөрдү суранамын»- деп билдиргендиктен, кошумча комиссиялык экспертиза дайындалып, комиссиялык экспертизанын  корутундусунда ылайык анын денесине келтирилген жаракаттары: жаак астындагы, каруусундагы жана ченгелиндеги көгөргөндүкторү менен мүнөздөлгөн ден-соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна же эмгекке жарамдуулугун утурумдук жоготууга алып келбеген, “женил дене жараат” алган деп көрсөтүлгөн.

«2021-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын негизинде, 2017-жылдын 1- февралындагы №18 Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси күчүн жоготкондугуна байланыштуу жана ушул Мыйзамдын 9-бернесиндеги кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, квалификациясы Кылмыш-жаза кодексинде каралган жоруктар жөнүндө иштер, жосун декриминалдашкандыгына байланыштуу, аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өндүрүштөн кыскартылууга жатат деп көрсөтүлгөндүктөн, анын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши өндүрүштөн кыскартылган.  Бул чечимге жабырлануучу нааразы болуп Сузак райондук сотуна даттанып, анда 27-декабрь 2021-жылдагы сотко чейинки өндүрүш иштин кыскартуу жонундогу токтомун негизсиз жана мыйзамсыз деп табууну жана сотко чейинки ондуруш ишин кайрадан Сузак РИИБдин тергөө кызматына жиберүнү өтүнгөн. Сузак райондук соту 2022-жылдын 13-январында Кудайбердиеванын даттануусун канааттандыруусуз калтырган. Бирок аппеляциялык түрдө ошол эле мааниде Жалал-Абад облусьук сотуна даттанган. Жалал-Абад облустук сотунун 4-февралындагы аныктамасынын негизинде, Сузак райондук сотунун 2022-жылдын 13-январындагы токтому жокко чыгарылып, арыздануучунун даттануусу канааттандырылып, Сузак РИИБдин Тергөө кызматына кароо үчүн жиберилген. Жалал-Абад облустук сотунун 2022-жылдын 4-февралындагы аныктамасынын негизинде аталган материал 2022-жылдын 12-март күнү Сузак РИИБдин МЭЖне катталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүдө кодексинин 70-беренеси менен Сузак районунун 1960-жылы туулган тургуну жана Жалал-Абад шаарынын 2000-жылы туулган тургунуга карата чара көрүү маселесин чечүү үчүн токтомдун жана материалдын көчүрмөлөрү берилип, текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш иш козгоодон баш тартылган»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631