7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 1 млндон ашуун акчаны мыйзамсыз чегерип келген бала бакчанын жетекчисине карата кылмыш иши козголду

950

Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде акча каражаттарын мыйзамсыз эмгек акы катары чегерип келген фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан “Э.” аталышындагы балдар бакчасынын мурунку жетекчиси Г.Б. өзүнүн кызмат абалынан пайдалынып, 2015-2021-жылдар аралыгында аталган балдар бакчасында эмгектенбеген бир нече адамдарга иштеди деп эмгек табелдерин толтуруп, жалпысынан 1 млн 170 миң 200 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чегерип келгендиги такталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иш козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

951