7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 200 турак жай кооптуу абалга келип, 50 үй жараксыз абалга келген

664

Кечээ, Жогорку Кенештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны Сузак районунда өттү.

Маалыматка ылайык, Сузактагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Бостон, Кундузчу, Алашан, Питомник, Аэропорт участкаларынан  дарыя агып өтөт. Кара-Дарыя суусу аркылуу Кыргызстан  Өзбекстан менен 16 чакырым аралыкта чектешет. Өзбекстандын Пахта-Абад учаскасына чейин 11 чакырым суунун жээги бекемделген эмес. Мунун кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагынын 600 гектар жер аянты, 200 турак-жай кооптуу абалга кептелген.

Сел ташкынынан 1000 гектарга жакын айыл чарба жери  суу алдында калган жана 50 үй жараксыз абалга келген. Айыл өкмөттүн башчысы Нурбек Караев депутаттарга маалымат берип, тезинен дарыянын 4.5 чакырым жерине дамба куруп бекемдөө зарылдыгын айтты. Анын айтымында, сел жеген сайын,  Кыргызстандын жери желип,  чегара жылып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш депутаты Тазабек Икрамов бул  Сузактагы эң оор маселе болуп жатканын белгилеп,   акча каражатын бөлүп берүүнү чечимге кийирүү зарылдыгын комитет мүчөлөрүнө айтты.

Белгилей кетсек, тармактык комитеттин төрагасы Б. Сыдыков, мүчөлөрү У. Ормонов, М. Саккараев, А. Маткеримов, М. Сыдыков, Б. Чойбеков, Б. Шабазов, Э. Сулайманов, А. Исраилов жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар айыл өкмөттөрдүн мектеп, жол сыяктуу маселелери менен жеринде таанышып жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665