7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак районунда инфекциялык оорукана жок

782

«Сузак районунын оорукананы инфекциялык бөлүмү жок. Пандемия учурунда райборборго тез арада 40 орундуу инфекциялык бөлүм куруу пландалган, эми ал эстен чыкты», — деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов.

Тармактык комитеттин көчмө жыйынында депутаттар жана Министрлер кабинетинин тийиштүү өкүлдөрү Сузак районунда башталбай жатып токтоп калган инфекциялык оорукананын жерин көрүштү. Башкы дарыгер маалымдагандай, тендер өтүп, имараттын наркы 53 млн сом болуп чыккан. Уткан подрядчылар өз каражатына пайдубалын казып, анча-мынча ишти баштаган. Каржы жоктугуна байланыштуу оорукана да курулбай, орто жолдо подрядчылар да чыгаша болушкан.

Андан соң комитет мүчөлөрү Курманбек айыл өкмөтүндөгү Тайгараев мектебин көрүштү. Дүйшөндүн мектебиндей болгон өткөн кылымдагы эки бөлмөлүү класста 80ге чукул башталгыч класстын балдары окушат. Чогулушка келген жергиликтүү тургундар кыш катаал болгондуктан, чоң мектепке каттоо кыйын, — дешет. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Токтомамбет Сатышев Тайгараев атындагы мектепке кошумча 150 орундук окуу корпусун курса болорун белгилеп, бирок курулуш келээрки жылдан башталат, — деди.

Белгилей кетсек Жогорку Кеңештин Транспорт архитектура жана курулуш боюнча комитети Сузак районунда көчмө жыйын өткөрүп, аймактагы эң талылуу көйгөйлөр менен таанышып жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783