Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр аралыгы асфальтталат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, учурда асфальт төшөөгө даярдык көрүү максатында жолду кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүрүп жатат.
«Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, асфальтталбагандыктан жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Долбоор ишке ашкандан кийин үч айылдын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, калктын жүрүп-туруу шарттары жеңилдейт», — делет маалыматта.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, жол эки тилкелүү IV категорияга ылайык курулуп, жол жээктери кеңейтилет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



