7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта май өндүрүүчү завод кайра ишке кирди

973

Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы «Дома-Ата» май өндүрүүчү завод кайра ишин баштады. Аталган жайдын ишмердүүлүгү бир топ жылдан бери токтоп турган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ири май завод жеке ишкер Султан Тойгонбаевдин демилгеси менен кайра ишке кирген.

Жалпы 72 жаңы иш орун түзүлгөн өнөр-жай мекемеси менен Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров таанышып чыкты. Аким жергиликтүү өндүрүштү колдоо, көлөмүн жогорулатуу жана жумуш орундарын жаратууда жеке ишке менен алдыдагы аракеттерди талкуулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

974