7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта унааны айдай качкан жаран Чүй облусунан кармалды

488

Сузакта унааны айдай качкан жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде 1977-жылы туулган А.Э. аттуу жаран милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Көк Арт айылындагы үйүндө токтоп турган «Тойота Альфард» үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш жаран мыйзамсыз айдап, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында айдап бара жаткан жеринен 1993-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

489