7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта жаранды коркутуп тоноп, 5 күн үйдө кармашкан

534

Сузакта адамды тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган.  Анда 7-августан 8-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагында караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко алышкандыктарын билдирген.

Аталган маалымат 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-берененин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, тиешеси бар атуулдарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү шектүүлөр кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А..

Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

535