7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы 945 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринин 93% аяктады

135

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Винсовхоз айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, учурда “Асман-4” турак жай комплексинин курулуш иштери 93 пайызга аяктап, сапат жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Камчыбек Ташиев курулушту сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Бул комплексте жалпы 945 батир курулуп жатат. Ал 12 блоктон турат, ар бири 9 кабаттуу болуп салынган. Курулуш жыл аягына чейин толук аяктайт, ал эми расмий ачылыш президенттин катышуусунда ушул айда өтөөрү белгилүү болду.

Ошондой эле УКМК төрагасы жакын жайгашкан “Асман-11” турак жай комплекси менен да жеринен таанышты. Бул жерде учурда курулуш иштери үчүнчү кабатка жетип, жалпы 11 блок, 846 батир куруу пландалган.

136