7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы Арал айылына таза суу жеткирилет — өкүлчүлүк

593

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында таза суу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” тарабынан каржыланып, 3 миң метр аралыкка суу жүргүзүү иштери жүрүп жатат.

«Буга чейин Арал айылында таза суу көйгөйү орчундуу болуп, тургундарга бир катар кыйынчылыктар жаралып келген»,- дейт Сузак айылдык кеңешинин депутаты Шерзатбек Умарбеков.

Маселени чечүү максатына азыркы учурда облустук жана жергиликтүү бийлик “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” менен биргеликте иш алып барууда.

Эскерте кетсек, Сузак районунун Арал айылында 4 миңдей калк жашайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594