7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыймык Жапыкеев: Ден соолук болбосо эч нерсенин кереги жок экен

509

Кызматы жоюлуп кеткен Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

«Урматтуу достор, кече күнү Финполдун коллективи менен коштошуп, алар узатышты. Колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып, өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыраазымын. Финполдун төрагасы катары элимдин, жеримдин жана өлкө үчүн таза-так иштегенге аракет кылдым.
Эч жерден пара опузалап же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 миллион сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жаттык эле.
Баары оңой эмес. Мен акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп, кант диабетим көтөрүлүп кетти. Дарыгерлер карап жатышат, нерв болбош керек экен, үйдө жатам. Ден соолук болбосо эч нерсенин кереги жок экен.
Достор, акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү. Эмне жок, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингге чыгып өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем», — деп жазылат билдирүүдө.

510