7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыймык Жапыкеев: «Интернетке кирсең эле тигини муунтту, өлтүрдү деген маалымат»

1518

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев өзүнүн Фейсбук баракчасына алдыдагы пландары тууралуу билдирүү жазды.
«Урматтуу достор, баарыңарды Орозо айы менен куттуктайм, ыйман жүрөгүбүзгө кирсин. Биз негизи эле Кудай колдогон элбиз. Кыргыз элинен суранып кетет элем. Ушул айда колдон келишинче бири-бирибизге өзгөчө жардам берели. Кылмыш жасабайлы, бири-бирибизди сабап, зомбулук көрсөтпөйлү.

Достор, интернетти ачканда эле тигини муунтуп салды, өлтүрүп салды, башка эч нерсе жок. Кыргыз элим, каякка баратабыз? Бүт жерде интрига, ушак, басмырлоо, бузукулук, үй-бүлө кура албай, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай, мас болуп жол кырсыгына кабылмай. Достор, мунун баарын токтотуш керек.

Биринчиден мени бүт облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алышты. Буюрса, облустун маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес.

Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип эл менен түздөн-түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз. Эл үчүн иштегенге даярбыз», — деп жазган Сыймык Жапыкеев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1519