7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыргабаев: Өлкөнү дүйнөгө таанытып турган туубуз мамлекеттүүлүктүн эң негизги символу

770

Жалал-Абадда мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракеси белгиленди.

Саамалыкка Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты. Иш-чарада облус башчысы жалпы катышуучуларды туу майрамы менен куттуктады.

«Бүгүн биз кызыл асабабыз менен туура 30 жылдык тарыхты басып өттүк. Өлкөнү дүйнөгө таанытып турган туубуз мамлекеттүүлүктүн эң негизги символу.

Кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн туубуз өзгөчө мааниге ээ. Ал уюткулуу элибиздин басып өткөн жолун, ата-бабаларыбыздын каармандыгын айгинелейт.

Туубуз түрдүү эл аралык сынактарда, маданий-спорттук мелдештерде жогору желбирөөсү бизге ар дайым сыймык жаратат. Бул даталуу күндү белгилөөнүн максаты да өсүп келе жаткан жаш муундардын патриоттулук сезимдерин күчөтүү, эл ынтымагын бекемдөө, мекенди сүйүүгө багыттоо болуп саналат.

Сиздерди дагы бир жолу бүгүнкү майрам менен куттуктайм! Эгемен өлкөбүздүн желеги кылымдарга желбирей берсин! Ар дайым асманыбыз ачык, түндүгүбүз бийик болсун!»–деди Абсаттар Сыргабаев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

771