7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

175

Бүгүн башкы Түп районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишинин уюштурулушун жакшыртууга, жарандардын укуктук кайрылууларын ыкчам жана натыйжалуу кароого, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктү жогорулатууга өбөлгө болоору белгиленди.

Белгилей кетсек, Түп районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1970-жылы сактоо кассасы катары курулган, эксплуатациялык мөөнөтү өткөн имаратта иш жүргүзүп келишкен.

2025-жылдын июль айында жаңы административдик имараттын курулушу башталып, жыйынтыгында прокуратура органы заманбап талаптарга жооп берген жаңы административдик имаратка ээ болду.

176