7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптүн милиция кызматкерлери кармалды

560

Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана анын эки кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.

«Ысык-Көл облусунун Түп районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары У.А.К., кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери М.С.Б. жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери У.К.Н. акча каражаттарын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды. Тактап айтканда, ички иштер органдарынын бул кызматкерлери атайын даярдалган кыздар аркылуу, зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликке тартабыз деп коркутуу менен Түп районунун тургундарынан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан»,- деп берилет маалыматта.

Көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сому Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында кыздарга берилип, калган 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калып, милиция кызматкерлери Түп районунун тургундарына кысым көрсөтүү максатында зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арыз катташкан.

Жабырлануучулардын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, УКМК тарабынан Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган. Каракол шаардык сотунун чечими менен 15-декабрда кармалгандар тергөө аяктаганга чейин №23 тергөө абагына киргизилди.

 

 

 

561