7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Нурланбек Шакиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорун кабыл алды

562

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланышын бекемдөө маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев аймактардын өнүгүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жогору экенин белгилеп, “Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш алардын ишин жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого алып, натыйжалуу башкаруу системасын калыптандырууга керектүү мыйзам актыларын кабыл алып келет. Айрыкча акыркы учурларда парламент менен өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн өөрчүтүүгө өзгөчө басым жасалууда”, – деди. 

Муну менен катар Жогорку Кеңештин регламентинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдардын таасири жөнүндөгү баяндаманы эки жылда бир жолу угуу тууралуу талап киргизилгенин эске салган төрага, “Ошондой эле бюджеттер ортосундагы мамилелерге байланышкан макулдашуунун протоколу да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралары белгиленген”, – деди.

Өз кезегинде Бектурган Орозбаев айтылган жаңы механизмдер парламент менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн билдирип, өзү жетектеген союз коюлган талаптарды ишке ашыруу жаатында Жогорку Кеңешке негизги өнөктөш болуп берерин кошумчалады.

Мындан тышкары, жолугушууда мыйзам актыларына жүргүзүлгөн инвентаризациялоо жана анын жыйынтыктары тууралуу да сөз болуп, анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин илгерилетүүгө багытталган мыйзамдарды жакшыртуу маселеси айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563