7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов белгилүү мушкер Кямрян Аббасов менен жолугуп, «Ардак грамота» тапшырды

757

25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов белгилүү кыргызстандык мушкер, One Championship уюмунун учурдагы чемпиону Кямрян Аббасовду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Өмүрбек Бакиров, спортчунун машыктыруучу Якуб Алиев жана «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев катышты.

Төрага Талант Мамытов дүйнөлүк ири мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келе жаткан Кямрян Аббасов көпчүлүккө үлгү экенин баса белгилеп, «Сиздин талыкпаган эмгек жана тынымсыз аракет менен жетишкен спорттогу жеңиштериңиз мактоого татыктуу», — деди.

Муну менен катар спортчуга ийгиликтерди каалаган Талант Мамытов Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Кямрян Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген «One Championship» уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет аталган уюмдун курун тагынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758