7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Түрк аба жолдорунун» учактарында жүргүнчүлөрдү тейлөө кыргыз тилинде да жүргүзүлүшү керектиги сунушталды

414

“Түрк аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учактардын Кыргызстан менен байланыштырган каттамдарындагы тейлөөдө кыргыз тили да колдонулушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушууда билдирди.

Азыгалиев белгилегендей, кыргыз тилинде тейлөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулукту жаратат.

Бишкекке каттаган «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясына таандык учактарда түрк тилине кошумча башка тилдер колдонулуп, кыргыз тилдүү жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаралган учурлар арбын. Андыктан аталган маселеге терең көңүл бурулуп, боордош элдердин ортосундагы каттамдарда өз эне тилдерибизге артыкчылык берилиши кажет”, – деди ал.

Өз кезегинде элчи Ахмет Садык Доган аталган маселе боюнча тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн убада кылды.

415