Түркия 2025-жылдын алгачкы 9 айында 50 миллион турист кабыл алып, 50 миллиард доллар киреше тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Маданият жана Туризм министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөгө 50 миллион чет элдик конок келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга көп. Туризмден түшкөн жалпы киреше 50 миллиард долларды түзүп, 5,7 пайызга көбөйгөн.
Маданият жана Туризм министри Мехмет Нури Эрсой белгилегендей, алгачкы тогуз айдын ичинде келген туристтер орточо 10,3 түнгө токтоп, бир түнгө 103 доллар сарпташкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7% жогору.
«2025-жылдын алгачкы тогуз айы биздин регион үчүн олуттуу сыноолор менен коштолду. Региондогу жаңжалдар жана климаттык өзгөрүүлөргө карабастан, стратегиябыздын аркасында кирешебизди 5,7 пайызга көбөйтүп, 50 миллиард доллар чегинен өттүк. Бул тарыхта биринчи жолу үчүнчү чейректе мындай көрсөткүчкө жетиштик. Жылдын аягына чейин максатыбыз – 64 миллиард доллар киреше алуу», — дейт Эрсой.
Тогуз ай ичинде Түркияга эң көп турист келген үч өлкө: Россия Федерациясы (5,53 млн), Германия (5,22 млн) жана Улуу Британия (3,54 млн). Кыргызстандан Түркияга барган зыяратчылардын саны болсо өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 5,3% артыш менен 151 миң кишиге жетти.
Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк Туризм уюмунун 2024-жылкы маалыматы боюнча, Түркия дүйнөдөгү төртүнчү ири туристтик багыт катары саналат.



