7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия: Жер титирөөдө кулаган турак жай комплексинин архитектору кармалды

1210

Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн кийин толугу менен талкаланган Rönesans Rezidans турак жай комплексинин башкы архитектору Стамбул аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганын Sabah гезити жазды.

«Турак жай комплексинде 250 батир сатканы үчүн миллиондогон лира алган башкы архитектор Мехмет Яшар Чоккун Черногорияга учууга аракет кылып жатып, Стамбулдун жаңы аэропортунда кармалды. Стамбулдун Башкы прокуратурасы тарабынан чыгууга тыюу салынды», — деп айтылат басылманын маалыматында.

Кармалган учурда архитектордун жанында ири суммадагы акча жана Черногорияга алынган билет болгон. Белгилей кетсек, 2017-жылдан бери анын курулуш компаниясынын башкы кеңсеси ал жакта жайгашкан.

Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг өлкөнүн түштүк-чыгышында дүйшөмбү каргашалуу жер титирөөдө имараттардын урап калышына алып келген шалаакылык үчүн эч ким жазадан кутула албасын буга чейин билдирген.

Мындан тышкары жер титирөөдөн урап калган имараттарда табылган курулуш мүчүлүштүктөрү боюнча сегиз киши камакка алынганын Habertürk телеканалы билдирди.

Булак : Марал радиосу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1211