7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда зилзаладан бир кыргызстандык каза болду

811

Түркияда жер титирөөдөн бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«11-февралда тастыкталган маалымат боюнча, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хатай шаарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз.

Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталды. Каза болгон жарандын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулдугунун өкүлдөрү маркумдун документтерин даярдоо жана сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүү үчүн Хатай шаарында жүрүшөт.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812