Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 18 миң 342ге, жараат алгандардын саны 74 миң 242ге жеткенин апаатты башкаруу башкармалыгы (AFAD) билдирди.
«Учурда курман болгондордун саны 18 342, жаракат алгандар 74 242», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстанда Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө каражат топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат:
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.