7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы зилзала: Каза болгондордун саны 38 миң 44 адамга жетип, 108 миң 68 адам жарадар болду 

442

Бүгүн, 17-февралда жергиликтүү убакыт боюнча cаат 13:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 16:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 38 044 адамга жетип, 108 068 адам жарадар болду.

Кыргызстандын куткаруу топтору менен дарыгерлери Түркиянын жабыркаган аймактарында ишин улантууда. Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 160 адамдан турган издөө-куткаруу тобу жер титирөөлөрдүн кесепетинен эң көп зыян тарткан Хатай шаарына көчүрүлүштү.

Жалпы координациялоону Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Р.Казакбаев жүргүзүүдө. Түркиянын Президентинин Администрациясы, Тышкы иштер министрлигинин кризистик борбору, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) борбордук жана жергиликтүү түзүмдөрү, жабыркаган облустардын губернаторлору жана шаарлардын мэрлери менен дайыма байланыш түзүлүүдө.

  • Кахраманмараштагы AFAD лагеринде бирдиктүү убактылуу штаб ачылды, анда Элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү кезектешип 10 күн нөөмөттө болушат. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471
  • Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар.
  • Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүүдө.
  • Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда.
  • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Башкы консулдуктары жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

443