7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы зилзала. Каза болгондордун саны 41 миңден ашып,110 миң адам жарадар болду

509

 

Бүгүн,  21-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 41 156 адамга жетип, 110 000 адам жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эпицентри Кахраманмраш болгон жер титирөө аймагында жалпысынан 114 миң 834 адам куткарылган, өлкөнүн 1 миллион 684 миң жараны убактылуу турак-жай менен камсыз болгон.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-февралда  Хатайдын Дефне муниципалитетинде күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болсо, Самандаг муниципалитетинде күчү 5,8 баллга жеткен дагы эки жер титирөө болду. Жалпысынан 5 катуу жер силкинүү катталды. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча Хатайдагы акыркы жер титирөөдөн 6 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510