7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы зилзала. Кыргызстандын 8 жараны коопсуз жайларга эвакуацияланды

849

Кыргызстандын 8 жараны Түркиянын Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жайга эвакуацияланды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Малатья шаарында Кыргызстандын тогуз жаранына жардам көрсөтүлүүдө, алардын ичинде эки бала жана кош бойлуу аял бар.

“Убактылуу жайларга жайгаштырылган кыргыз жарандары жылуу кийимдер, жууркан-төшөктөр, суу жана тамак-аш менен камсыздалды. Кырсык болгон аймактагы иштер коммуникация, интернет жана электр жарыгындагы техникалык көйгөйлөрдөн улам татаалдашууда”, — деп билдиришти.

Белгилей кетсек, жабыркаган Кыргызстандын жана Түркиянын жарандары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары Анкара жана Стамбул шаарларында да ачылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

850