7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядан атайын борт менен 17 кыргызстандык эвакуацияланды

519

Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген 17 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маселени чечүүдө КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Стамбул жана Анталия шаарларындагы башкы консулдуктары менен бигеликте иш алып барды.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Астанадан Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 20 жараны Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларынан Анталия жана Стамбул шаарларына эвакуацияланды.

Ошондой эле Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү тарабынан 10 кыргыз жараны Түркиянын Хатай шаарынан коопсуз райондорго чыгарылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган.

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520