7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрт айдан бери ооруканада ата-энесин күткөн 2 жашар бала

3981

Казакстандын Алматы облусунда ата-энеси таштап кеткен 2 жаштагы наристе 4 айдан бери  балдар ооруканасында жашап жатат. Бул тууралуу казакстандык басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жамбыл облустук ички иштер бөлүмү өткөн жылы күз айында 2 жаштагы наристени таап алып, аны  №2 шаардык балдар ооруканасына тапшырган. Төрт ай бою терезеден ата-энесин күткөн баланын аты Теңирберди. Дарыгерлердин айтымында, баланын ден соолугу чың, ата-энеси табылганга чейин ал ооруканада болууга мажбур, эгер жакынкы убакыттарда ата-энеси алып кетпесе балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.

Баланы укук коргоо органдары ооруканага таштап кеткенден бир топ убакыттан кийин баланын атасы издеп келип, балдар үйүнө бербей турууну суранып, документтерин даярдаган соң наристесин алып кетерин, баланын апасы болсо аны таштап кеткендигин айтып кеткен. Себеби баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон эмес.

Бул арада Жамбыл облустук милициясы Теңирбердинин чоң энеси табылгандыгы боюнча кабарлаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3982