7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысы болуп дайындалды 

5

Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында ЖККУнун башкы катчысына Таалатбек Масадыков бекитилди. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов билдирди.

Ал белгилегендей, бул чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

«Таалатбек Масадыков эки жылдан бери ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп келе жатат. Ал коопсуздук жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө бай тажрыйбага ээ. Уюм анын жетекчилиги аркасында динамикалуу өнүгөт деп эсептейм», — деди ал.

Учурда ЖККУнун башкы катчысы казакстандык Имангали Тасмагамбетов. Анын ордуна эми 1-январдан тартып Таалатбек Масадыков келет.

Таалатбек Масадыковдун өмүр баяны:

Таалатбек Масадыков 1961-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн.

1978-жылы Фрунзедеги №13 орто мектепти аяктаган.

1984-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер боюнча институтун бүтүргөн;

1984-1986-жылдары Москва шаарында СССРдин Коргоо министрлигинин Аскердик Кызыл Туу институтунда мугалим катары аскердик кызмат өтөгөн;

1987-жылы Афганистанга иш сапарына жөнөтүлгөн. Илимдер академиясынын советтик кеңешчилер тобунда, Афганистандын Уруулар жана чек ара иштери боюнча министрлигинде котормочу жана уруулар маселелери жаатында адис катары эмгектенген;

1988-1991-жылдары Москвадан аспирантураны аяктап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун иран филологиясы кафедрасынын аспирантура бөлүмүндө окуусун уланткан жана кандидаттык диссертациясын жактаган;

1992-1994-жылдары Москва шаарында жеке ишкерлик менен алектенген;

1995-1996-жылдары Кыргызстандын чет элдик инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комитетинин башкы директорунун орун басары;

1997-1999-жылдары Кыргызстандагы Америка университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин кош деканы жана мугалими болгон;

2000-жылы Экономика жана саясий илимдердин Лондон мектебинде докторантурага тапшырган (London School of Economics and Political Science LSE);

2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде иштеген. БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиясынын (МООНСА) саясий кеңешчиси болуп ишин баштаган;

2006-жылы БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиясында (МООНСА) башкы саясий кеңешчи;

2009-2014-жылдары БУУнун Афганистандагы атайын саясий миссиясынын саясий директору;

2014-жылы Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;

2021-жылы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

6