7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Улуттук онкологияда дарыланып жаткандардан кабар алды

528
Кыргыз Республикасынын Төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, андагы дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
 Маалым болгондой,  борбордо курулуп жаткан жаңы имараттын курулушу менен да таанышкан Төрага, Жогорку Кеңеш оор илдетке кабылгандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү багытында тиешелүү иштерди жасай берерин белгиледи. Анын ичинен мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлөрүн кошумчалап, парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнө тийиштүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, аталган жаңы имараттын курулушу үч жылдан бери токтоп турган. Ага ылайык Жогорку Кеңештин Төрагасы Өкмөткө имараттын курулушун тез арада бүткөрүү маселесин ыкчамдатууну тапшырып: «Жарандарыбыздын саламаттыгы баардыгынан маанилүү», — деди.
Андан сырткары, жакында эле борборго орнотулган «түз сызыктуу тездеткичтерди» көрүп чыккан Талант Мамытов оорулууларды дарылоодо колдонулуучу заманбап ыкмаларды жана жабдууларды камсыздоого Өкмөт көмөк көрсөтүшү керектигин токтолду.
Андан соң борбордо дарыланып жаткандардан кабар алган Төрага ар бирине сабырдуулук жана чыдамкайлык тилеп, тез арада сакайып кетишин каалады.
Ал эле бейтаптар дары-дармектердин наркынын өсүп жаткандыгына, ички авиакаттамдардын билет баасынын жогору экендигине байланышкан көйгөйлөрүн көтөрүштү. Андан тышкары, оорулуу балдардын ата-энелери, балдарынын жанында болуу үчүн борбордо жатканга шарт түзүп берүүнү өтүнүштү.
Төрага Талант Мамытов айтылган маселелерди эске аларын билдирип, аларды чечүү багытында Өкмөттүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн убада кылды.
529