7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас Бегалиев менен Күрөш федерациясынын экс-жетекчиси кармалды

267

Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМК кабарлады.

Алардын катарында бир кезде ИИМ системасында иштеген Б.Т.К. маркум Дөө Чыңгыздын өкүл атасы болгону айтылат. Күч структураларындагы ишенимдүү булактар кеп Талас Бегалиев жөнүндө болуп жатканын билдиришти. Мындан тышкары, Т.Ч. жана Т.А.Т. кармалган.

Т.А.Т. — Асейин Төрөгелдиев экенин кабарлашты. Атайын кызмат ал Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин жетектеп, жаштарды кримчөйрөгө тартып турганы белгиленди.

«Көлбаевдин кылмыштуу тобунун лидерлери Анапияев жана Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп алып, бир кишини курал менен коркутуп, 2 гектар жерин тартып алганын билдирди. Кийинчерээк ал жер анын жакын тууганына катталган», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, үч шектүү дагы бир кишини 300 миң долларга опузалап, акчаны Көлбаевге өткөрүп беришкен. Б.Т.К. ИИМде иштеп турган маалда Көлбаевдин тобун калкалап, кызматтык маалыматтарды берип турганы кошумчаланды.

16-майда аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

268