7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта УКМКнын “Мекен” аталышындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды

369

12-ноябрда Талас облусунун Талас шаарында 150 орунга эсептелген “Мекен” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан жаш муунга керектүү шарттарды түзүү аркылуу алардын келечегине бекем пайдубал тургузууга боло тургандыгын белгиледи. Андыктан УКМКда бул багыттагы иш-аракеттер да жолго коюлуп, кызматкерлердин балдары үчүн атайын бала бакчалар салынып, пайдаланууга берилип жаткандыгы айтылды.

Төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Бул бала бакчанын жалпы аянты 25 сотых, ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.

370