7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы 7-класстын окуучуларынын чыры боюнча айрым жетекчилер жазаланды

135

29-декабрда Талас облусунда окуучулар арасындагы чыр-чатактардын жана мыйзамсыз жүрүм-турумдардын алдын алуу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка карай, иш-чарага жетекчилер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана бардык мектеп директорлору катышты.

Буга Талас шаарынын орто мектебинин 7-классынын мыйзамсыз иш аракеттери себеп болгон.

Ошону менен бирге, жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

— укукка каршы жүрүм-турумга жакын өспүрүмдөрдү алдын ала аныктоо;

— билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу;

— билим берүү жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү;

— мектеп чөйрөсүндө рэкетчиликтин, зомбулуктун жана агрессивдүү жүрүм-турумдун алдын алуу;

— коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү.

136