7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 9-класстын окуучусу сабалып, ооруканага түштү

593

Талас облусунда 9-класстын окуучусун өзү курактуу балдар сабап, ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 13:20 чамасында Кара-Буура РИИБинин Кызыл-Адыр айылында коомдук тартипти карап жүргөн мезгилде өспүрүм балдардын топтошконун байкаган. Жеринен текшерүү учурунда Ж.Субанбеков орто мектебинин 9-класстын окуучулары ошол эле мектептин күн чыгыш тарабында чогулуп, милиция кызматкерин көрүп качып кетишкен.

«Аталган факты Кара-Буура РИИБинде электрондук эсепке алуу журналына катталып, тергөө-ыкчам тобу Кызыл-Адыр айылынын Кожомуратов көчөсүндө жайгашкан Ж.Субанбеков орто мектебине барып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошол эле күнү 9-класстын окуучусунун апасы баласын өзү курактуу балдар уруп кетти деп билдирген. Натыйжада окуучу алган жаракатынан улам Кара-Буура райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган арыз жана билдирүүлөр Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594