7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта диний экстремисттик уюмга үгүттөөгө шектелип бир жаран кармалды

944

Талас облусунда өлкө аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун материалдарын таркатууга шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында интернетте социалдык колдонуучулардын бири Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз караштарына окшогон материалдарды жарыялаганы аныкталган.

Аталган факты 15-октябрда Жазык кодексинин 315-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча катталып, жарыяланган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде ал тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталган.

Шектүү катары 1971-жылы туулган Ш.Л. аттуу жаран Талас облусунан кармалган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945