7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта каза болгон УКМК кызматкеринин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлдү

168

Кечээ, 30-декабрь күнү УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, Талас шаарынын тургуну 5 баланы жалгыз өзү тарбиялап келе жаткан Керимбаева Толгонай Таласбаевнага (маркум УКМКнын подполковниги Б.М.О. жубайы) жардам иретинде материалдык көмөк көрсөтүлдү.

Андан сырткары, Т.Керимбаевага жана анын балдарына Жаңы жыл майрамына карата белектер берилип, патриоттук сезимде тарбиялоо максатында, маркум УКМКнын кызматкерлери ардайым эсте жана алардын жакындары өзгөчө мамилеге ээ экенин билдирип, Талас облусу боюнча УКМКнын имараттында жыйын өткөрүлдү.

Белгилеп кетсек, 2023 жылы, Т.Керимабаеванын генерал-полковник К.К.Ташиевге кайрылусу канаттандырылып, Талас шаарынан 3-бөлмөлүү батир Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан кезексиз бөлүнүп берилген. Жашы жете элек 4 балдарына ай сайын УКМКдан пенсия төлөнүп келет.

169