7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта Манас РЭТтин кызматкерлери 1,5 млн сомго жакын зыян келтиришкен

863

Талас областынын Манас райондук прокуратурасы тарабынан Манас РЭТ мекемесинин жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары өзүнүн тескөө жана башкаруу укуктарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мамлекетке 1 млн 407 миң 523,08 сом зыян келтиришкендиги тастыкталды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864