Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, ага бөгөт коюунун алкагында, Кыргызстанда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун колдоочуларынын санын минималдаштыруунун максатында, радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартууга багытталган алдын алуу иш-чарасын жүрүшүндө Талас шаарынын тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунан мындан ары баш тартарын айтты.
Аталган жаран 2003-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан уюмдун катарына кирип, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген. Ошол эле учурда ал өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргыз Республикасынын жарандарын «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Учурда УКМК тарабынан «Хизб-ут-Тахрир» ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иш жүргүзүлүүдө.