7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талкууга түшкөн кара элечек. Кыргыз драма театры түшүндүрмө берди

1100

Кыргыз драма театры социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан сүрөт тууралуу расмий маалымат берди.

3-февралда №68 мектеп-гимназиясынын окуучулары, мугалимдери “Төлгө” спектаклин театрдан көрүшүп, ошол ролдорду ойногон актёрлор менен баарлашуу максатында актёрлор мектепке чакырылган. Жолугушууга “Төлгө” спектаклинде образ жараткан Калича Сейдалиева, Альбина Имашова, Шайымбек Кыдырмаев, Эржан Осмонов, Арнис Кыдырмышев мейман болушкан. Аталган жолугушууда Кыргыз Эл артисти Калича Сейдалиева “Төлгө” спектаклинен үзүндү ойноп берген. Бул үзүндүдө каралуу Каныкей уулу Семетейге кыргыз жери жөнүндө айтып берет.

Спектаклде кара элечек кийгенинин себеби, Каныкей али аза кийимин чече электигин баяндайт. Спектакль чыгып жатканда филология илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, айтылуу манасчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев менен кеңешилип, анан костюмдар тигилген. «Манас» эпосунда да кара кийген, каралуу же кара жамынган, тул калган, кара элечек болгон деген сөздөр бар. «Ошондо кайран катын Каныкей, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу Калдайган кара башында» (Курама варианты, 1. 307).

«Спектаклде Каныкей баштан аяк кара элечек менен жүрбөйт. Тайторуну чапканда эр кийимин кийинет, Ала-Тоого кайтып келгенде ак элечегин киет. «Сураныч, адегенде спектаклди көрүп, анан талкууласаңыздар. Спектакль 1-2-март күндөрү болот, келиңиздер», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1101